Кыргызстанда коронавирустан айыккан биринчи адамдар бар. Бул тууралуу маалыматты 24 агенттигине Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев тастыктады.
Ал белгилегендей, Жалал-Абаддагы бейтаптарды ооруканадан үйлөрүнө чыгаруунун алдында эпидемиолог, вирусолог жана инфекционисттер дагы бир ирет текшерип чыгат.
Чиновник канча бейтап коронавирусту жеңгенин тактаган жок. Эске салсак, Кыргызстанда 84 адам COVID-19 вирусун жуктуруп алса, анын 39 учуру Жалал-Абадга туура келет.