Өлкөдө турак-жай кооперативдеринин ишин көзөмөлдөгөн токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды

Өлкөдө турак-жай кооперативдеринин ишин көзөмөлдөгөн токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

 

Аны министрлер кабинети иштеп чыкты. Документ Ички иштер, Юстиция, Каржы министрликтерине, Каржылык чалгын кызматына жана Улуттук банкка турак жай-курулуш кооперативдеринин ишин көзөмөлдөөгө укук берүүнү көздөйт.

 

Эгер кооператив мыйзам бузганы аныкталса жана аны жойбосо, ыйгарым укуктуу органдар алты айдан ашпаган мөөнөткө анын ишин токтотуу чечимин чыгара алат. Эске салсак, Кыргызстанда өткөн жылы 14 турак жай кооперативи боюнча кылмыш иши козголгон.