Кыргызстанда кыймылсыз мүлк боюнча маалым каттарды калкты каттоо борборлорунан алса болот

Кыргызстанда кыймылсыз мүлк боюнча маалым каттарды калкты каттоо борборлорунан алса болот.

“Кадастр” мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, жарандар борборлордон Кыймылсыз мүлк

объектисине укуктар жана чектөөлөр жөнүндө көчүрмө, техникалык параметрлери, укуктардын жана

чектөөлөрдүн тарыхы жана менчик укуктарынын өзгөрүшү же жоктугу жөнүндө маалымат ала алышат.

Ошондой эле маалым каттарга QR кошулган. Бул анын көчүрмөсүн алууга жана документтин

жасалма эместигин тактоого мүмкүндүк берет.