Кыргызстанда кыздар көбүрөөк билим алышат, балдар кесипке эрте ээ болот.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, кыздар менен балдардын айырмачылыктары билим алуу баскычында башталат.
Алсак, 10-11-классты кыздардын 54 пайыздан ашыгы аяктайт, ал эми балдар 9-класстан кийин окууну таштап, негизинен эрте жашта кесипке өтүшөт.
Жогорку окуу жайларынын студенттеринин арасында дагы кыздар 52 пайызга көбүрөөк.