Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлердин саны 30 пайызга кыскарат

Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлердин саны 30 пайызга кыскарат. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

 

Мындай чечим кайталанган жана ашыкча милдеттерди жоюу, бюджеттик каражатты үнөмдөө максатында кабыл алынды.

 

Ал эми иштен кыскарган кызматкерлерге мыйзам чегинде жөлөкпул төлөп берүү жана аларга ишкердиктин негиздерин окутууну камсыз кылуу тапшырмасы Министрлер кабинетине берилди. Ал эми үнөмдөлгөн каражаттын эсебинен мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлыгы көбөйтүлөт.