Кыргызстанда COVIDге каршы вакцинаны 109 миң 703 адам алды

Кыргызстанда COVIDге каршы вакцинаны 109 миң 703 адам алды.

Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү

министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, экинчи

дозаны алгандардын саны 77 миң 390 адамды түздү. Белгилеп кетсек,

Кыргызстанда вакцина алгандан кийин терс учурлар каттала элек.

Өлкөдө вакцинация кампаниясы кытайлык синофарм жана

россиялык Спутник V препараттары менен жүрүп жатат.

Эмдөө 28-мартта старт алды.