Бүгүн ордо калаанын тургундары төө куштун чуркап жүргөнүнө күбө болушту. Бишкек көчөлөрүн аралап жүргөн ири канаттуунун видеосу Ютубка жүктөлгөн. Жарандар чоочуткан страусту эртең мененки саат 8дерде 7-апрель көчөсүндө көрүштү.
Канаттуу ал жакка кайдан келгени белгисиз.