Кыргызстанда парламенттик шайлоо биринчи жолу аралаш система менен өтөт

Кыргызстанда парламенттик шайлоо биринчи жолу аралаш система менен өтөт.

 

БШК төрайымынын орун басары Тынчтык Шайназаров түшүндүргөндөй, тилкеде ар бир жаранга экиден бюллетень берилет.

 

Биринчисинде бир мандаттуу округдардан чыккан талапкерлер көрсөтүлсө, экинчисинде партиялардын тизмеси жазылат. Анда ошондой эле, партиянын тизмесинде бара жаткан талапкерлер дагы бар. Шайлоочу ар бирине өзүнчө белги коюп, эки бюллетенди тең урнага таштайт, — деди Шайназаров. Эске салсак, Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо 28-ноябрда өтөт.