Кыргызстанда парламенттик шайлоо тынч өттү

Кыргызстанда парламенттик шайлоо тынч өттү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, ар бир шайлоо тилкесинде куткаруучулар нөөмөт жүргүзүп, атайын техника тартылды.

 

Добуш берүүнүн жыйынтыгында өрт жана башка кырсыктар катталган жок. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен белгилешкендей, ведомствонун бардык кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеди.