Кыргызстанда сүт палатасы түзүлөт

Кыргызстанда сүт палатасы түзүлөт. Бул тууралуу Айыл-чарба министри Тилек Токтогазиев билдирди.

 

Анын айтымында, анда сүт  өндүрүмүн өнүктүрүү, кичи ишканаларды түзүү, жеңилдетилген насыяларды берүү, бааларды турукташтыруу, продукцияны экспорттоо жана башка суроолор чечилет.

 

Сүт палатасын мамлекеттик органдарда каттоо иштери жыл аягына чейин жыйынтыкталат.