Кыргызстанда сасык тумоо жана курч респиратордук вирустар боюнча абал туруктуу.
Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана санэпидем козөмөл департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 22-январдан 28ине чейин республикада 8 миңден ашык учур катталды. Бул ага чейинки жумага салыштырмалуу 13 пайызга төмөн. Апта сайынкы мониторинг жүргүзүү уланууда. Бардык медициналык жайларда бет кап режими киргизилген.