Эртеңден тарта Бишкекте жол кирени такталай төлөгөндөргө талон берилет

Эртеңден тарта Бишкекте жол кирени такталай төлөгөндөргө талон берилет. Бул тууралуу вице-мэр Максатбек Сазыкулов билдирди. Анын айтымында, автобус-троллейбустарда эми кондуктор иштеп, талондорду текшерип турат.

 

Андыктан, жол кирени накталай төлөгөн жүргүнчүлөр айдоочудан талон талап кылып, аны сапарынын аягына чейин ыргытпашы керек. Ар бир талондо серия, номерлери жазылып, ал бир гана жолку болот.

 

Эске салсак, эртеңден тарта ордо калаанын коомдук транспортунда жол кире накталай төлөгөндө 20 сом, тулпар картасы менен төлөгөндө 17 сомду түзөт.