Кыргызстанда быйыл 159 миңден ашык бала 1-класска барат

Кыргызстанда быйыл 159 миңден ашык бала 1-класска барат. Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекованын айтымында,  Бишкекте 16 миң 863 бала электрондук тизме аркылуу 1-класска катталган.

 

Ош шаарында 2,5 миңге жакын. Нарын, Талас, Кара-Балта шаарларында миңден ашык, Жалал-Абад шаарында 3 миң, Кара-Суу шаарында 865, Токмок шаарында эки миңге жакын бала мектеп босогосун аттайт.

 

2020-жылы республика боюнча 156 миң бала алгачкы жолу мектепке барган.