Дарыгерлердин айлык маянасын 1-апрелден тарта көтөрүү пландалууда

Дарыгерлердин айлык маянасын 1-апрелден тарта көтөрүү пландалууда.

 

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин айтымында, минималдуу жогорулатуу 50 пайызга, эгер сүйлөшүүлөр оңунан чыкса, маяна 100 пайызга көтөрүлөт.

 

Министр кошумчалагандай, учурда участкалык дарыгердин оклады 10 миң сомду түзөт, бирок стажына үстөк акыларды кошкондо 15-20 миң сомдон алышат.