Кыргызстанда соцобъекттердин типтүү долбоорлору иштелип чыгат

Кыргызстанда Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги социалдык объекттердин типтүү долбоорлору иштеп чыгууга киришти.

 

Ведомстводон билдиришкендей, аларга мектептер, бала бакчалар, ФАПтар жана административдик имараттар сыяктуу социалдык объекттер кирет. Мындай иш-чара КР президентинин администрациясынын тапшырмасына ылайык жүргүзүлүүдө.

 

Ыкчам иш алып баруу максатында Мамкурулуш агенттигинин директорунун орун басары Максатбек Молдамырзаевдин демилгеси менен бул ишке көмөк көрсөтүүнү каалаган жеке долбоордук уюмдар «ARZY», «СЫНЧ», «Бейс Арт», «Абрис-Гранд» жана «Профстиль» ЖЧКлар тартылды.

 

Белгиленгендей, кечээ Молдамырзаев көчмө жыйын өткөрүп, анда иштелип жаткан социалдык объектилердин типтүү долбоорлору каралып, долбоорлорду жакшыртуу боюнча сын-пикирлер жана сунуштар айтылды.