Январда өлкөдөн экспорттолгон мал импорттон он эсе көп болду

Январь айында Кыргызстан чет өлкөгө 13 357 баш мал экспорттоду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги маалымдады.
Сатылган мал-жандыктын ичинен:

бодо мал – 7267 баш;

кой-эчки – 5631 баш;

жылкы – 459 баш.

Көрсөтүлгөн убакыт аралыгында өлкөгө импорттолгон малдын башы 1 140ты түзгөн:

бодо мал – 754 баш;

жылкы – 386 баш.