Кыргызстанда сугат сууга тариф жогорулатылбайт

Кыргызстанда жакынкы келечекте сугат сууга тариф жогорулатылбайт.

Бул тууралуу Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын директору Алмазбек Сокеев билдирди.

Анын айтымында, дыйкандарга түздөн-түз суу берүүнү Суу ресурстары кызматы пландаштырууда.

Сугат суу фермерлерге суу пайдалануучулар ассоциациясынын тарифтери боюнча куб метрине 3 тыйындан берилет.

Ассоциациядан фермерлерге чейин жеткирүү тарифи куб метрине 5-30 тыйынды түзөт.