Бишкектеги Ботаникалык бактын жерин башкаларга берүүгө тыюу салган токтом кабыл алынды

Бишкектеги Ботаникалык бактын жерин башкаларга берүүгө тыюу салган токтом кабыл алынды.

Novosti.kgге Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан такташкандай, документ 67 депутаттын колдоосуна ээ болду.

Маалыматка ылайык, бул токтом менен Министрлер кабинетине аталган жайды иштегендердин айлыгын көбөйтүү, ирригациясына акча бөлүү, жерлер башкаларга өтүп кетпесине көзөмөл жүргүзүү тапшырмалары берилет.