Айдоочулар Төө-Ашууда абайлашы керек

Бишкек — Ош унаа жолундагы Төө-Ашууга кар түшкөнүнө байланыштуу, айдоочулар этият болушу керек.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы мүмкүн болсо бул күндөрү жолго чыкпай турууну сунуштайт.

Кыргызгидромет кызматы бүгүнтөн тарта көпчүлүк аймактардын тоолуу райондорунда, тоо этектеринде жаан жаай турганын билдирүүдө.

Бийик тоолуу райондордо кар түшөт.