Кыргызстанда ушул ишемби жумуш күнү болот. Министрлер кабинетинин чечими менен буга чейин жаңы жылдагы иш күндөрүн жылдыруу чечими кабыл алынган. Ага ылайык, жумасына беш күндүк график боюнча иштегендер 1-9-январда эс алышты.
Мындан улам, 15-январь 4-январдын ордуна иш күнү болуп саналат.
Андан тышкары, 26-февраль жана 26-мартка туш келген ишемби күндөрү дагы кыргызстандыктар жумушка чыгат.