Кыргызстандыктардын 73 пайызынын айлыгы бир айга да жетпейт

Кыргызстандыктардын 73 пайызынын айлыгы бир айга да жетпейт.

Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттарынын изилдөөсүндө маалым болду.

Жалпысынан 2 миң 400 адам катышкан сурамжылоого ылайык, ар бир онунчу адамдын гана акча чогултуу мүмкүнчүлүгү бар.

Калктын 34 пайызы маянасын эки жумага жеткирсе, 20 пайызы бир жумага, бир нече күнгө 19 пайыз, толук бир айга 16 пайыз кишинин айылыгы жетет.

Ал эми 11 пайыз жарандын гана айлыгын чогултууга мүмкүнчүлүгү бар.