Пенсиялык реформанын долбоору кагаз жүзүндө даяр эмес

Буга чейин парламентте талкууланган пенсиялык реформанын долбоору кагаз жүзүндө даярдала элек.

Соцфонддун басма сөз кызматынан Novosti.kgге билдиришкендей, Жогорку Кеңеште сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдүн презентациясы гана болду.

Жаңычылдык киргизүүнү камтыган документ качан иштелип чыгаары азырынча так белгисиз.

Эске салсак, ушул жуманын башында Социалдык фонд пенсиялык реформанын алкагында бир катар идеяларды жарыялаган.

Ага ылайык, пенсиялык куракты көтөрүп, жеңилдиктерди жоюу сунушталган.

Демилге коомдо кызуу талкуу жаратты.