Бала бакчалар жергиликтүү башкармалыктардын уруксаты менен иштейт.
Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, ишин жанданта турган мектепке чейинки
даярдоо мекемелери санэпидем жана аймактык бийлик тарабынан даярдалган
санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди аткарууга милдеттүү. Ошондой эле
бакчаларда балдардын жана анда иштеген кызматкерлердин коопсуздугу катуу
көзөмөлгө алынышы керек. Белгилеп кетсек, өлкөдө жалпысынан
1 миң 600дөн ашык мектепке чейинки билим берүү мекемеси бар.