Кыргызстанда жылкынын эти бир айда эле 4 пайызга же 17 сомго кымбаттады

Кыргызстанда жылкынын эти бир айда эле 4 пайызга же 17 сомго кымбаттады. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, февралдын башына карата 1 килограмм эттин баасы 403 сомдон сатылса, мартта баалар 420 сомго теңелди.

 

Белгилеп кетсек, Кыргызстанда ошондой эле, уй жана кой эти дагы 2-4 сомго кымбаттады.