Кыргызстанда ноябрда октябрга салыштырмалуу көмүрдүн баасы 10 пайызга кымбаттады.
Учурда кара отундун бир тоннасы 5 миң 700 сомго барабар. Бул тууралуу Улуттук статистика
комитетинен билдиришти. Көмүргө болгон эң жогорку баалар Ноокатта — тоннасы – 10 миң сомдон,
Баткенде – 9 миң 700 сом жана Исфана– 9 миң сом. Ошол эле учурда өлкөдө эң минималдуу
баа Чаек айылында тоннасы – 2,5 сом, Балыкчыда – 4 миң болсо, Нарын жана
Кара-Балта шаарларында – 4,5 миң сом.