Ордо калаанын бир районунда 1-мартта таза суу токтотулат. Мэриядан маалым болгондой, Ак-Босого жаңы конушунда эртең мененки саат 9дан түшкү 3кө чейин таза суу берилбейт.
Натыйжада, турак үйлөр, мектептер, бала-бакча, саламаттык сактоо мекемелери жана башка социалдык-тиричилик объектилери менен өнөр жай ишканалары суусуз калат.
Убактылуу өчүрүү шаардык суу өткөрүү тармактарында оңдоо-профилактикалык иштер менен байланыштуу. Шаар бийлиги калкты жана мекемелерди ичүүчү сууну камдап алууну суранат.