Кыргызстандагы “паспорт мафиясын” иликтөө уланууда. Санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов социалдык тармактагы баракчасында жазгандай, иштер Улуттук коопсуздук комитети менен биргеликте жүргүзүлүп жатат.
Текшерүүдө аныкталгандай, Өзгөн районунда 1 миң 667 ID-карта жана 2 миң 101 чет элдик паспорт жоголуп кеткен. Инвентаризациянын жыйынтыгы менен каттоо департаментинин аймактык бөлүмүнүн бир нече кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду.