Ордо калаада 5-ноябрда курултай өтөт.
Тиешелүү токтомду Бишкек шаардык кеңеши чыгарды.
Документте иш-чараны өткөрүү үчүн комиссия түзүлөрү айтылат.
Ошондой эле 800 делегат чогултуп, жыйындардын жана чогулуштардын графигин бекитүү пландалууда.
Бардык уюштуруу жана каржы маселелери Бишкек шаарынын мэриясына жүктөлгөн.