Республиканын калкты тейлөө борборлорунда кошумча видео байкоо камералары орнотулуп жатат

Республиканын калкты тейлөө борборлорунда кошумча видео байкоо камералары орнотулуп жатат.

 

Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, бул иштин ачыктыгы, кызматкерлердин жумушун көзөмөлдөөгө жана коррупцияны жок кылууга жардам берет.

 

Бүгүнкү күндө кошумча камералар Ош жана Жалал-Абад облустарындагы борборлордо пайда болду. Бул багытта иштер эми башка аймактарда дагы улантылат.