Бишкекте жыл аягына чейин 14 жаңы муниципалдык бала бакча курулат

Бишкекте жыл аягына чейин 14 жаңы муниципалдык бала бакча курулат.

 

Алардын басымдуусу жаңы конуштарда пайда болот. Айрым райондордо муниципалдык мектепке чейинки билим берүү мекемеси биринчи жолу ачылат.

 

Алардын тургундары балдарын жеке бакчаларга берүүгө аргасыз. Объектилердин көбү жаңы окуу жылына карата ачылып калат. Бала бакчалардын курулушуна каражат мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн.