Ысык-Көл облусунда 5 тоо лыжа базасы курулат

Ысык-Көл облусунда 5 тоо лыжа базасы курулат. Бул тууралуу Маданият министри Азамат Жаманкулов билдирди. Анын айтымында, учурда Туризм департаменти жаңы лыжа базаларын куруу үчүн жер тилкелерин издеп жатат.

 

Иштер “Тоо лыжа класстери” долбоорунун алкагында жүргүзүлөт. Белгилеп кетсек, Кыргызстандагы тоо-лыжа базаларынын саны 15ке жетет, анын бирөөсү гана Ысык-Көл аймагында жайгашат.