Кыргызстандын 3 университетинде медициналык факультет ачылат.
Бул тууралуу Билим берүү министри Каныбек Иманалиев билдирди. Анын айтымында, эми Нарын, Ысык-Көл жана Баткен мамлекеттик университеттери дагы медицина адистерин даярдайт.
2 айдын ичинде бардык даярдоо иштери аткарылып, окуу программасы түзүлүп, ар бир жогорку окуу жайга сентябрда 300 студентке чейин кабыл алынышы керек, — деди министр. Белгилеп кетсек, Кыргызстанга башка мамлекеттерден билим алууга келгендердин көбү медицина багытында окушат.