Францияда анча узак эмес ички аба каттамдар жокко чыгарылды. 2,5 саатта поезд менен жете турган жерлерге эми учак менен жетүү мүмкүн эмес. Бул айлана-чөйрөнү коргоо максатында кабыл алынган чара.
Анткени, самолеттор поездке салыштырмалуу жаратылышка көбүрөөк зыян алып келет. Жаңы эрежелер Париж менен Нант, Бордо жана Лион шаарлары ортосундагы аба каттамдарга дагы тиешелүү болот.