Бишкекте медицина кызматкерлери үчүн алгачкы көп кабаттуу үйдүн курулушу башталды.
Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, турак жай Байтик Баатыр жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.
Объектти тапшыруу 2023-жылдын апрель-май айларына пландаштырылууда.
Белгилеп кетсек, 8 кабаттуу имараттын каркасы мурда эле бар болчу, эми аны 12-кабатка көтөрүү пландалууда.
Медицина кызматкерлерин турак жай менен камсыз кылуу тартиби курулуш аяктаганга чейин аныкталат.