Бишкекте Чолпонбай Түлөбердиев атындагы музей ачылды

Бишкектеги №27 орто мектепте Чолпонбай Түлөбердиев атындагы музей ачылды.

Музейди, согуш даңк залын уюштурууга жана Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин бюстун орнотууга муниципалдык администрация тарабынан акча бөлүнгөн.

Музейди уюштурууда жаш муундарды патриоттуулукка тарбиялоо башкы максат экени белгиленди.