Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы бүгүн Бахрейн командасы менен ойнойт. Достук беттеш Манама шаарында өтөт.
Оюн Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 10до башталат. Эске салсак, биздин курама 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын тандоо туруна даярдык көрүүдө.