Кыргызстандын футзал боюнча кыз-келиндер улуттук курамасы Тажикстандагы эл аралык турнирге катышат. Кыргыз футбол союзунун кабарлашкандай, мелдеш 19-29-январь күндөрү Душанбе шаарында өтөт. Аны Борбордук Азиянын футбол ассоциациясы уюштурууда.
Турнирде башкы орун үчүн Кыргызстан, Тажикстан, Иран жана Өзбекстандын командалары ат салышат. Учурда спортчу кыздар Бишкекте машыгууда.