Кыргызстанда 2021-жылга республикалык бюджет бекитилди. Тиешелүү мыйзамга президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов кол койду. Документке ылайык, бюджеттин киреше бөлүгү 172,5 миллиард сомду түзсө, чыгаша – 181 миллиардка жетет.
Муну менен бюджеттин дефицити 8 миллиард сомдон ашат.