Пандемия учурунда Кыргызстанга берилген каражат кайда жумшалганын Каржы министрлигинен айтып беришти

Пандемия учурунда Кыргызстанга берилген каражат кайда жумшалганын Каржы министрлигинен айтып беришти. Аныкталгандай, акчанын басымдуу бөлүгү айлык төлөөгө багытталган.

 

Кыргызстан донорлордон бюджетти колдоого  291 миллион доллардан ашык алды.

 

Анын 241 миллионун кредит катары Эл аралык валюта фонду бөлүп берсе, дагы 50 миллион долларын Азиялык өнүктүрүү банкы берген. 6 миллиард 974 миллион сом айлык төлөөгө жумшалса, медицина товарларын сатып алууга болгону 106 миллион сом, же сумманын 1 пайызы сарпталды.