Кыргызстанга эл аралык валюта фонду тарабынан берилген каражат бюджетти жабууга жана коронавирус менен күрөшүүгө жумшалат

 

Кыргызстанга эл аралык валюта фонду тарабынан берилген каражат бюджетти жабууга жана коронавирус менен күрөшүүгө жумшалат. Вице-премьер-министр Эркин Асрандиевдин айтымында, фонд бөлүп берген 129 миллион доллардын алгачкы траншы которулду.

 

Бюджеттик чыгашанын эң ири бөлүгү мамлекеттик кызматкерлердин айлыгына, пенсия, жөлөк пулдарга туура келет. Асрандиев кошумчалагандай, быйылкы жылы бюджеттин дефицити  32 миллиард сомду түзүшү күтүлүүдө.