Кыргызстандын коомдук тамактануу жайларында дасторкондун үстүндө туз салгычтарды коюуга тыюу салынышы мүмкүн

Кыргызстандын коомдук тамактануу жайларында дасторкондун үстүндө туз салгычтарды коюуга тыюу салынышы мүмкүн. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

 

Ал кабыл алынса, туз кардардын талабы менен гана берилет. Документте Кыргызстанда кан басымы, инсульт, ашыкча салмак жана кант диабети кеңири тарап, эрте өлүмгө алып келе турганы жазылган.

 

Ал эми бул ооруларга алып келүүнүн бирден бир себеби катары тузду көп колдонуу белгиленет. Андыктан, мамлекет туз колдонууну азайтуу механизмдерин иштеп чыгууда.