Тоолуу райондордо кар көчкү түшүшү мүмкүн

Кыргызгидромет борборунун билдирүүсүнө караганда, 29-январдан 31-январга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо кар көчкү түшүшү мүмкүн.

 

Бишкек – Ош унаа жолундагы Төө-Ашууда, Чычкан капчыгайына, Ала-Бел ашуусуна, Мырзаке —Кара-Кулжа — Алайку унаа жолунда, Каракол — Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашуу ашуусуна, Сары-Таш — Дароот-Коргон — Карамык унаа жолунун 97-98-чакырымдарына, Ала-Бука — Каныш-Кыя унаа жолундагы Чапчыма ашуусуна жана Красная-Горка — Акташ унаа жолунун 0-3-чакырымдарына кар көчкү түшүүcү күтүлүүдө.

 

Бул күндөрү жогорудагы жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.