Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү бүгүнкү күнгө карата 9,4 миллиард кубометрге түшүп калды. Маалымат “Электр станциялар” сайтында жарыяланды. Компаниядан билдиришкендей, резервуарга суу секундасына 156 куб деңгээлинде агып кирсе, чыгымы дээрлик 4 эсе жогору болуп, 680 кубка теңелүүдө.
Белгилеп кетсек, Токтогул суу сактагычында декабрь айында нымдуулуктун көлөмү 1 миллиард кубометрге азайып кеткен.
Буга байланыштуу, энергетиктер электр энергиясын үнөмдүү колдонууга чакырат.