Парламенттик шайлоого катышууну каалаган партиялардын саны 10го жетти

Парламенттик шайлоого катышууну каалаган партиялардын саны 10го жетти.

БШК шайлоонун өтө турган датасы белгиленгенден кийин беш календарь

күндүн ичинде аталган жараянга катыша турган саясий партиялар Борбордук

шайлоо комиссиясына кат түрүндө билдирүү жөнөтүшү керектигин эскертет.

Арыздарды кабыл алуу 3-сентябрь, кечки саат 6да аяктайт. Ал эми үгүттөө

өнөктүгү 29-октябрда старт алат. Шайлоонун өзү 28-ноябрга белгиленди.