Ош облусунун Кара-Суу районунда пахтаны кайра иштетүүчү ишкана пайда болду

Ош облусунун Кара-Суу районунда пахтаны кайра иштетүүчү ишкана пайда болду.

Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өндүрүштө жергиликтүү тургундар үчүн 80 жумушчу оруну түзүлдү.

Ишкана жылына 10 миң тоннага чейинки пахтаны кайра иштете алат.

Мекемени ишке кигизүүгө 700 миң доллар багытталды жана ал заманбап жабдуулар камсыздалды.