Кыргызстанда дагы 24 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Анын айтымында, Бишкекте 2, Чүйдө 4, Ош жана Жалал-Абад облустарында 3төн, Нарында 12 учур катталды.
Алардын арасында 3 медицина кызматкери бар. Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 895ке жетти.