Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны акырындап азаюуда

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны акырындап азаюуда. Акыркы суткада вируска 7 адам кабылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

 

Анын айтымында, Чүйдө 5, Ош облусунда 1, Нарында 1 учур аныкталды. Алардын бардыгы оорулуулар менен байланышта болгондор. Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы сагы 1 миң 44кө жетти.