Бийлик үстүбүздөгү жылдын ноябрына чейин коронавирустан калктын 70 пайызын эмдөө ниетинде. Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдиргендей, бул болжол менен 3 миллион адам.
Эмдөөнүн жүрүшүндө бейтапка вакцина тууралуу толук маалымат берилет.
Андан тышкары, 3 күн аралыгында ал дарыгердин көзөмөлү алдында болот. Вакцинация ыктыярдуу негизде 29-марттан бери жасалууда.