Кыргызстанга Евразилиялык банк 3 миллион доллар өлчөмүндө грант берет

Кыргызстанга Евразилиялык банк 3 миллион доллар өлчөмүндө грант берет. Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улукбек Бектургановдун айтымында, бул каражатка 40 тез жардам унаасы жана 70 санитардык унаа сатылып алынат.

 

Чиновник белгилегендей, транспорт бардык зарыл жабдуулар менен камсыздалат. Өткөн жылы Кыргызстанга мындай унаалар сатылып алынган, учурда алар Бишкекте жана аймактарда иштеп жатат.