Кыргызстанга сасык тумоодон вакцина ушул айдын аягында алынып келет

Кыргызстанга сасык тумоодон вакцина ушул айдын аягында алынып келет. Бул тууралуу 24 агенттигине Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санэпидем көзөмөл борборунан билдиришти.

 

Күтүлгөндөй, өлкөгө жалпысынан “Гриппол плюс” препаратынын 80 миң дозасы жеткирилет. Эмдөөнү биринчи кезекте медициналык кызматкерлер, тубаса дарттары барлар, көп ооруган балдар жана 65 жаштан ашкан жарандар менен кош бойлуу аялдар алат.